Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Кыргы Республикасынын Ош облусунун финансы-экономикалык системасынын өнүгүү тенденциялары жана факторлору” темасында илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич, Ош шаарынын мэринин орун басары Юсупов Замир Байышович, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Калдыбаев Эрнст Кыдыкбаевич, финансы тармагындагы илимпоздор катышты.
Конференциянын алкагында , каржы-экономикалык тармагынын абалы, өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу баяндамалар жасалып, учурдагы көйгөйлөр, өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.