Ош шаарында бүгүн, 23-сентябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган Сармерден таймашында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана КР Коргоо министрлигинин түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын курамы финалга өтүп, күч сынашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаар тургундары, билим берүү мекемелеринин жамааттары, аскер кызматкерлери катышты.
Сармерден сынагынын талаптарына ылайык эки команда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жеңүүчү деп табылды.
Соңунда мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн жеке тараптар, мелдештин жеңүүчүлөрү жана катышуучуларына Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган.