ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында мототранспорт каражаттарын пайдаланууну чектөө боюнча мэриянын токтому кабыл алынды

Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 330 “Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында тиешелүү токтом кабыл алды.

Токтомдун негизги максаты – айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо, экосистемалардын бузулушуна жол бербөө, ошондой эле парктык жана жашыл аймактардын табигый абалын сактоо болуп саналат.

Токтомго ылайык, Ош шаарынын аймагындагы төмөнкү жерлерде мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилет:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
  • парктык зоналарда жана жайыттарда.

Ошол эле учурда бул чектөөлөр төмөнкү учурларга жайылтылбайт:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы автомобиль жолдорунун тилкелерине;
  • өтмө зоналарга жана биосфералык аймактардын санация зоналарына;
  • мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык милдеттерди аткарууда пайдаланылуучу мототранспорт каражаттарына;
  • Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен макулдашылган мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларда пайдаланылуучу мототранспорт каражаттарына;
  • жергиликтүү тургундардын чарбалык муктаждыктары үчүн колдонулган, узак жүктөм режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган электр кыймылдаткычы менен жабдылган мототранспорт каражаттарына.

Токтомдун талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдөрү, муниципалдык кызматтары жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейддик иш-чаралар уюштурулуп, калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун белгиленген талаптарды так сактоого чакырат. Бул чечим шаардын экологиялык коопсуздугун камсыздоого, жаратылыш аймактарын, жашыл зоналарды жана экосистемаларды сактоого багытталган.

file:///C:/Users/User/Downloads/Токтом%20№889%2021.07.2026.pdf

Окшош жаңылыктар

аукцион

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт:

WhatsApp Image 2026-07-23 at 10.10.01 (4)

Мэрдин рейди: кытайча жарнактарды тартипке салууга бир саат убакыт берилди

ф

Кыргыз-өзбек бизнес-форуму: жаңы өнөктөштүктөргө жол ачылды

Аб1

Абдувалиев көчөсүндө иш кызуу: асфальт басууга саналуу күндөр калды!

кур

Ошто Оксфорд мектеби курулуп башталды

Жол ачылды

Оштун көркү болгон Г. Айтиев көчөсү толугу менен жаңыланды

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.