Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан салынып жаткан муниципалдык үлүштүк курулуш программасы боюнча үйлөрдү куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мында №6 Тилеке-Баатыр, №48 А Ашимахунов, №3 Набережный дарегендеги үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп чыкты.
Орун басар З. Юсупов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү керектигин билдирди.