Борбордук аянтта бүгүн, 17-ноябрда боло турган шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган Ош шаарынын ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн даярдыктарды текшерүү максатында гарнизондук бөлүштүрүү болуп өттү.
Даярдык боюнча өткөрүлгөн иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери катышты.
Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өтөт.