Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, Учар конушунун Ирригатор көчөсүндөгү сел каналдарын тазалоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун айтымында, жергиликтүү тургундар, жеке ишканалар жана коммерциялык объекттер тарабынан сел каналдарына ар кандай түтүк тармактары орнотулгандыктан, сел жүргөн учурда каналдар тез толуп, аталган көчөдөгү жолдорду суу каптап кетүүдө.
Иш-чараларга Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын, анын ичинде архитектура бөлүмүнүн, «Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги катышууда.