Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.
Калаа башчысы жүргүзүлүп жаткан жумуштар өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү жагын тапшыруу менен бирге тиешелүү кызмат, мекеме жетекчилерине куруучуларга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, курулуштун жалпы аянты 4 291 чарчы метрди түзөт.
Долбоорго ылайык, 625 орундуу мектептин короосунда 50 куб метр суу резервуары, спорт аянтчалары, трансформатордук көмөк чордону, жыйындар залы, ашкана, откана, унаа токтотуучу ж.б. зарыл болгон бардык нерселер курулат.
Курулуш Мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.