Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлерге Ардак грамота, ыраазычылык баракчалар жана төш белгилер тапшырылды.