“Улуттук тазалык күнүнүн” алкагында Ош шаарында болуп өткөн ишембиликке жалпысынан 60 миңден ашуун адам катышып, 1328 тонна таштанды чыгарылып, таштанды полигонуна тиешелүү мекеме-ишканалардын атайын техникалары тарабынан ташылып чыгарылды.
Ошондой эле, ишембилик учурунда “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймагындагы мекеме-ишканалар жана жеке жактар тарабынан жүз миңден ашуун түп жазы жана ийне жалбырактуу, бадал жана ар кандай (мөмө берүүчү дарактар) көчөттөр отургузулду.
Ал эми, Ош шаарындагы ички ирригациялык 109 882 метр узундуктагы арыктар, каналдар жана 357 га жер аянты тазаланды. Бул багыттагы жумуштар жазгы үч айлыктын алкагында улантылат.