ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жаңы муниципалдык “Келечек” базары ачылды

🔹 Бүгүн Ош шаарында 1300дөн ашуун соода орунун камтыган жаңы муниципалдык “Келечек” базары пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
🔹 Шаар мэри жаңы базар шаардагы сооданы ирээтке келтирүүгө жана ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.
🔹 Базардагы соода жайлары 7 жана 15 чарчы метр өлчөмүндө курулуп, соодагерлер үчүн бардык шарттар каралган. Аймакта 1000ден ашуун унаа токтотуучу жай, мөмө-жемиш базары, кошумча соода аймактары жана тейлөө жайлары орун алган.
🔹 Ошондой эле соодагерлердин кайрылуусунун негизинде жер акысы 50 пайызга чейин төмөндөтүлүп, маршруттук каттамдардын саны көбөйтүлгөн. Учурда Б. Осмонов көчөсүн кеңейтүү жана альтернативдүү жолдорду куруу иштери жүрүүдө.
🔹 Азыркы тапта жаңы муниципалдык базарга этап-этабы менен 30га жакын чакан жана ири базарлар көчүрүлүүдө.

Окшош жаңылыктар

0aa1db85-3db1-4227-95a2-e22f058f3269

Көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү

caf398a7-d91c-42db-a595-625e11af892f

Шаар башчысы У. Салиева көчөсүндөгү жатакана тибиндеги үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту

3a96fd19-20ac-45d1-b03f-c70daa878737

Ош шаарында жол белгилери жаңыланууда

139a89a5-0aae-4680-8e91-403d7e28dcc4

Унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди

839860466_1575486330546539_2051783838151187069_n

Шаар күнүн өткөрүүгө салым кошкондор сыйланды

eba2365a-2f53-49f2-94fa-b868fcf842a3

Кең-Сай массивинде жашоочулар үчүн шарттар жакшырат

Видео