Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү.
Ага муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик кызматтардын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, жогорку жана орто атайын окуу жайларды студенттери, жеке ишканалардын кызматкерлери катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген жерлерде актап сырдоо, тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.