КР “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына “Аял ишкердиги” аныктамасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө малымдоого арналган тегерек стол өттү.
Тегерек столго Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Жогорку Кеңешинин депутаттары Элдар Абакиров, Жалолидин Нурбаев, «Демилгелүү айымдар» Коалициясынын Башкаруу органынын төрайымы Азиза Юлдашева, эксперттер катышты.
Жыйында аял ишкердиги боюнча улуттук программа боюнча кенең маалыматтар берилип, аял ишкердигинин мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу жөнүндө презентациялар көрсөтүлдү.