«Ош шаардык жолдор башкармалыгы» муниципалдык ишканасы Ленин жана Г.Айтиев көчөлөрүндө жолдорду жамоо иштерин жүргүзүүдө.
Ленин көчөсү менен кесилишкен Сүйүмбаев көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейин 250 чарчы метр, ал эми Г.Айтиев көчөсүндө 600 чарчы метрди түзгөн жолдор оңдолот.
Мындан тышкары Курманжан-Датка, Р.Абдыкадыров жана Ж.Касымбеков көчөлөрүндө дагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтөт.