Бүгүн, 16-марттан 17-мартка караган түнү саат 00:00дө жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.