Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, ОшШИИБнин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү жана шаардык мектептердин директорлору, социалдык педагогдор катышышты.
Жыйында түшкөн суроо, сунуштардын негизинде:
-Ош шаарынын аймагындагы орто мектептерде ата-энелер комитеттери менен биргеликте, окуучулар арасында мектептеги рекетти, буллингди жана башка мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүү.
-Балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зомбулуктарды болтурбоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө диний уюмдардын (диний окуу мекемелери, мечиттер) өкүлдөрүнүн катышуусунда мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүү.
-Үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун, ырайымсыз мамиленин, өз өмүрүнө кол салуунун алдын алууга, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого багытталган түшүндүрүү жана үгүт иштери жүргүзүү.
-Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузуларды жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча тарбиялык видео тасмаларды иштеп чыгуу.
-Мектептердеги видео камераларды инвентаризациялоо, жыйынтыгы боюнча алардын эфективдүүлүгүн күчөтүү.
-Мектептерде жашы жете электер менен иштөөчү инспекциянын кабинеттерин ачуу боюнча тишелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.