Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Граждандык Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 45-беренелеринин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин кароосуна “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси сунушталууда.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалар жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Ошондуктан урматтуу шаардыктар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48.
Коомдук талкууга. Муниципалдык жер ижара акыларын көтөрүү боюнча. 2025