Бүгүн, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы 2 сандуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин 09.01.2024-жылдагы ПЖ 1 сандуу ‘’Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу көрсөтмөсүн аткаруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана муниципалдык түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйынга Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдирашит Кубатидинов, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, укук коргоо жана салык органдары, ошондой эле ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери катышышты.