Бүгүн, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт болуп өттү.
Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова, чет элдик ырчылар IN GRID, Хамдам Собиров, BAD BOYS BLUE, DJ BAKS 11 миңден ашуун көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.