Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерине жарнамалык ЛЭД-экран орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялайт.
Сынакка катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-8-каана).
- Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү.
- Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
- Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
- Сынакка катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Сынак өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күндүк мөөнөт өткөндөн кийин сынак өткөрүлөрүн маалымдайбыз.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил объектини (мүлктү) сынак белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин сынакты алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар: Сынак өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын же Ош шамы гезитинин сайттарына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күн мөөнөттөн өткөндөн кийин сынак өткөрүлөт.
Сынакка бардык физикалык жана юридикалык жактар, алардын ичинде конкурс өткөрүүгө 1 (бир) күн калганда конкурска катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алат.
Сынакка катышууну каалагандар, өздөрүнүн өкүлдөрү (ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.