Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында 2023-жылдын 27-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө №195 токтомуна ылайык Абдуллаев Данияр Амановичке, Шарипова Салима Канатбековнага, Ражапов Ильяс Зундуевичке жана Акматалиев Абдылдажан Амантуровичке “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” төш белгилери жана күбөлүктөрү салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, куттуктоолорун жана каалоо-тилектерин билдиришти.