Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу коноктор!
Сиздерди Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мына бүгүн тарыхы терең, берекеси мол, меймандос, кереметтүү калаабыздын 3024 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири болгон ордолуу Ош – кылымдар алмашып, доорлор өзгөрсө да өзгөчө баалуулуктарын сактап, тарыхый эстеликтери, маданий мурастары, ыйык Сулайман-Тоосу, Ак-Буура дарыясы менен өзгөчөлөнүп, туристтерди өзүнө тартып турат.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө өзгөчө орду бар шаарыбыз учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда баратат.
Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, көркүнө көрк кошуп, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу иштер аткарылып жатат.
Келечекте ордолуу калаабыз дайыма жаркырап таза, жашоого ыңгайлуу, заманбап, алдыңкы шаар болушу үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүүдө.
Бүгүнкү күндөгү жигердүү иштерибиз шаарыбыздын өнүгүп-өсүүсүнө, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга арналат.
Кымбаттуу шаар тургундары!
Эгемен Кыргызстандын экинчи борбору болгон калаабызды аздектеп, күн санап өнүгүүсү үчүн салым кошолу.
Көчөлөрүбүз шаңга, жүрөгүбүз – жылуу сезимдерге толсун.
Шаарыбыздын келечеги жаркын болсун!
Ошубуздун 3024 жылдыгы кут болсун!