Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Кадырлуу меймандар!
Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Узап бараткан жылда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, анын алкагында Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылды.
Жаңырган жылда шаардыктардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн курулуш тармагы, чарба жаатында жана социалдык тармактарда жүргүзүлүп жаткан максаттуу иштер улантыла берет.
2025-жыл ордолуу шаарыбыз үчүн чечкиндүү чечимдерди ишке ашыруунун жана жаңы бийиктиктерге жетүүнүн жылы болсун!
Ардактуу шаардыктар!
Жаңы жыл баарыбызды жаркын үмүттөр жана келечекке умтулуулар менен бириктирип келет.
Андыктан жаңырган жылда баарыңыздардын ойлогон ой-максат, аруу тилектериңиздер орундалсын. Ар бир үй-бүлө бакубатчылыкта жана жетишкендикте жашасын.
Сиздерге бекем ден соолук, ооматтуу өмүр жана берекелүү жашоо каалайм.
Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келсин!
Өлкөбүз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп-өнүгө берсин!
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!