Жолугушуунун алкагында аймактык башкармалыктын башчысы 2023-жылы Ош шаарынын мэриясы тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде аткарылган иштер, жетишкендиктер боюнча маалымат берди.
Жолугушууда жашоочулар аймактагы негизги көйгөй катары, социалдык, курулуш, билим берүү, жол, экология, тазалык, тартип, жылуулук боюнча маселелерин айтышты.
Мэр Бакытбек Жетигенов жарандардын көтөргөн маселеси боюнча жеринде жоопторду берди. Аны менен бирге тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине иш алып баруу боюнча талаптарды койду.