Мында Ош шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, шаар куруу, социалдык маселелер боюнча жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча илимий изилдөө иштеринин негизинде реалдуу сунуштарды берүү маселелери талкууланды.
Алдыда ар бир тармак боюнча көйгөйлөр жана маселелер аныкталып, чечүү жолдорун талкуулаган топтор түзүлөт. Анда окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы илимий негизде сунуштарын берип, шаар мэриясы жана муниципалдык мекеме ишканалар менен тыгыз иш алып барат.