Жыйындын күн тартибинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларын акысыз шашке чай жана ысык тамак менен камсыз кылуу, сапаты, мектеп ашканаларынын санитардык абалы жөнүндө маселелер каралды.
Ошондой эле, мектептерге коюлган санитардык-эпидемиялогиялык талаптардын аткарылышы боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалыматтар берилип, айрым кемчилдиктерди четтетүү, окуучуларга арналган тамак-аштардын сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.
Соңунда жыйында талкууланган маселелердин негизинде Координациялык комиссиянын протоколдук чечимдерин өз убагында, толугу менен кынтыксыз аткаруу тапшырмасы берилди.