Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биричи орун басары Марс Исаев, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Шаар тургундары материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелерин алуу, турак-жай менен камсыздоо, коммуналдык чарба иштерине байланыштуу маселелери менен кайрылышты.
Ар бир айтылган маселеге тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жооптор берилип, толук кандуу аткарууга алуу боюнча тапшырмалар коюлду.