Отурумда Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, Ош шаарында катталган үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук боюнча 2023-2024-жылдарга, 2025-жылдын январь айына карата салыштырмалуу статистикалык жана аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынып, Ош шаардык ички иштер, Ош шаардык билим берүү, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына тиешелүү комитеттин 2025-жылга карата иш-чаралар планынын аткарылышын камсыздоо, өз ара кызматташууну күчөтүү, мигранттардын балдары бар же балдар коркунуч туудурган адамдар менен жашаган үй-бүлөлөрдү каттоого алуу менен ай сайын мониторинг жүргүзүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.