Бүгүн, 24-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук аянтта Red Petroleum компаниясы тарабынан алынып, мэриянын балансына өткөрүп берилген жаңы 6 “HYUNDAI Porter” үлгүсүндөгү унааларды тапшырды.
Жаңы техникалар “Ош шаардык автоунаа”, “Ош свет”, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты”, “Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык турак-жай” муниципалдык ишканаларына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик, Маданият башкармалыктарына бөлүштүрүлүп берилди.