Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Коллегиялык жыйын өтүп, күн тартибинде 2023-2024-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы, 2024-2025-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү, Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышынын жана Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттардын абалы тууралуу маселелер каралып, аткарылган иштер боюнча баяндамалар жасалды.
Мэр тиешелүү жетекчилердин маалыматын угуп, жыйында кабыл алынган токтом долбоорлордун негизинде протоколдук тапшырмаларды берди.