Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, орун басарлардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык жыйыны өттү.
Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2023-жылы жасалган жалпы жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга алдыга коюлган максаттар, жасалчу жумуштар, ири долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.