Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиясынын жыйыны өтүп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери катышты.
Жыйындын күн тартибинде “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселелер каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтом долбоорлору кабыл алынды.