Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери катышты.
Жыйындын күн тартибинде:
– “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздардын электрондук документ жүгүртүү системасында (ЭДС) жүргүзүүнүн абалы жөнүндө;
-Ош шаарындагы муниципалдык башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө;
-Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маселелер каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтом долбоорлору кабыл алынды.