Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын каттарынын негизинде Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүү маселеси сунушталууда.
Аталган жыйым жеке жана юридикалык жактардан ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижара берүүчүлөрдөн (мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт) ар бир кызматкерге 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүү маселеси сунушталууда.
Ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 03222 7-07-01.