Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарында өткөн жаштардын “Төрт мезгилдин кооздугу” аталышындагы эл аралык сүрөт сынагында байгелүү орундарга ээ болушкан Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы атайын сүрөт мектебинин окуучулары сыйланды.
Балдарды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров куттуктап, окучуулардын чыгармачыл өнөрүн өнүктүрүү үчүн эл аралык сынактарга катышуунун маанилүү экендигин белгиледи.
Ошондой эле, сынактын жеңүүчүлөрүнө жана алардын мугалимдерине сыйлыктарды тапшырды.