Бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитеттин уюштуруусунда улуттук баш кийим ак калпактын урматына жөө жүрүш өттү.
Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын 1000ге жакын студенттери катышты. Салтанаттуу жүрүш патриоттук демди көтөрүүчү ураандар менен коштолду.