♻️ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, бүгүн Ош шаарынын аймагында жалпы ишембилик болуп өттү.
🧹 🧤 Ишембилике шаар аймагында жайгашкан мекеме-уюмдар, ишканалар, саламаттыкты сактоо мекемелери, билим берүү (жогорку жана кесиптик) мекемелери, базарлар, коммерциялык-соода түйүндөр (менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан), ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктар, “Жапалак”, “Төлөйкөн”, “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыктары, кварталдык үй комитеттери өздөрүнүн айланаларын иретке келтирип тазалашты.
🧹 🧤 Ишембилике 50 миңге жакын шаар тургундары катышып, жалпы 800 тоннага жакын таштанды чыгарылды.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары “тазалык тазалаган жерде эмес, таштанды таштабаган жерде болот”- деп айтылгандай жашаган аймагыбызды, иштеген жерибизди, айлана-чөйрөбүздү таза сактайлы.