Форумга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Ж. Мамытов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, санариптик уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.
Форумдун жүрүшүндө “Түндүк” тиркемесинин артыкчылыктары тууралуу маалыматтар берилип, санариптик технологиялар боюнча көргөзмө уюштурулду.
Форумдун максаты — өлкөнүн жаштарын инновациялык санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүн арттыруу, жаңы санариптик чечимдер жөнүндө маалымдоо болуп саналат.