Алсак, Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки Ош көчөсүн кеңейтүү иштери аяктоо алдында турат. Бул жердеги ирригациялык тутумдар толук алмаштырылып, тротуары жасалды. Учурда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Ал эми №177 көчөгө жаңыдан асфальт төшөлүп бүттү. Учурда долбоорго ылайык, электр мамычаларын орнотуу, тротуарды куруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.