Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алай көчөсүндөгү жолду асфальттоо боюнча жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен таанышып чыкты.
Мында, жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары, тиешелүү кызматтар тарабынан таштандыларды ылгоолочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.