Бүгүн, 12-апрель күнү борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы өттү.
Спорттук иш-чарасынын алкагында акысыз медициналык анализдерди тапшыруу, консультация берүү боюнча кызматтар көрсөтүлдү.
Жарышка Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары күч сынашып, жалпысынан 3 миңге жакын адам катышты.
Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, демөөрчүлөр тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.