Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында 100 орунду «Бөбөк» бала бакчасынын жана «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында 500 орунду №27- орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Куттуктоо сөзүндө Акылбек Жапаров билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого мындан ары өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.
Заманбап мектептин курулушу бир жылга жетпеген убакытта бүткөрүлдү. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылына Ош шаарындагы 54 мамлекеттик мектепке 1-класска 8382 окуучу кабыл алынды.