Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата тамак-аш жайларын уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга Ош шаарынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, Ош электр тармактар ишканасынын, тамак-аш өндүрүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында, тамак-аш жайларын уюштуруу, жасалгалоо, көрктөндүрүү, коопсуздук шарттарын түзүү, тамак-аш азыктарынын сапаты, түрдүүлүгү боюнча талкуулар жүрүп, бир катар сунуш-пикирлер айтылып, тигиле турган чатырлардын ордун жеринде көрүштү.