Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгын текшерүүгө алышты.
Анын жүрүшүндө, аталган аймакта жайгашкан жарнама илинген бардык имараттар текшерилип, 34 мыйзамсыз жана эскилиги жеткен жарнактар жеринен алынып салынды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 12 ижарачыга эскертүүлөр берилди.
Текшерүүлөр улантылат.