Бүгүн, 17- октябрда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өткөрдү.
Жыйынга, Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Мамлекеттик тил мыйзамын аткарылышын камсыздоо боюнча жигердүү эмгектенип жаткан кызматкерлер “Кыргыз тили” төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле, 10 тармак боюнча кыргызча терминологиялык сөздүктөрдүн жыйнагы камтылган китептер тапшырылды.
Жыйындын экинчи бөлүгүндө “Иш кагаздарын типтүү нускамага, жазуу эрежелерине ылайык тариздөө жана жүргүзүү” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.