Бүгүн, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Алай көчөсүндө жалпы аянты 105 кв. метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылголоочу төртүнчү аянтчаны ишке киргизди.
Долбоор менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып чыгып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды.
Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ар бир аянтчадан мурункуга караганда, сегиз эсе аз таштанды чыгарылган. Мындай аянтчалар шаардын бардык аймагында курулат.