“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” ишканасы Курманжан Датка, Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныктап, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу, 1-июль күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотуларын белгиледи.
Жаратылыш газын берүү төмөнкү даректер боюнча өчүрүлөт: Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрү.
Ишкана, шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.