Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган “Аракет” долбоорунун алкагында түзүлгөн Координдациялык кеңештин кезектеги отуруму өтүп, анда долбоорго кирген №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын жана “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы үй-бүлөлүк жатаканалардын маселелеринин чечүү боюнча талкуу болду.
Жыйында муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жаңы конуштардын негизги көйгөйлөрү айтылып, элдин жашоосун жеңилдетүү үчүн Координдациялык кеңештин мүчөлөрү өз ойлорун жана сунуштарын беришти.
Аталган аймактардагы тургундардын жашоосун жакшыртуу, көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тиешелүү колдоолор көрсөтүлөт. Долбоор 4 жылга эсептелген.