Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында демөөрчүлөр тарабынан алынып, шаар балансына өткөрүлүп берилген жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземи болду.
Тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Шаар мэри жергиликтүү бюджет бекитилген соң чарбалык тейлөө үчүн дагы кошумча жаңы техникалар алынаарын билдирип, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына 1 портер, МАБтарга 9 лабо тапшырып берди.