Бүгүн, Ош мамлекеттик университети менен шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде Ош шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында 2024-2025-окуу жылына карата окуу курстары башталды.
Буга байланыштуу, Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, ОшМУнун биринчи проректору Руслан Арапбаевдин, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманованын, мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өттү.
Жыйында окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу маселеси талкууланып, билим берүүнүн сапатын арттырууда мектеп директорлорунун орду, 2022-2023-жылдарга карата жалпы республикалык тестирлөөсүнө жүргүзүлгөн талдоо боюнча маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, курска жалпысынан Ош шаарындагы башкармалыкка караштуу 70 билим берүү мекемелеринин директорлору жана мугалимдери катышмакчы. Жалпысынан 840 адис кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүшөт.