Ош шаарынын күнүнө карата, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан жана барандуу салым кошкон мекеме-ишканалардын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары жана жеке ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.